Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

БШК Муртазалиев боюнча соттун чечимине каршы сотко кайрылды


"Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек административдик сотунун талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевди №29 Свердлов шайлоо округунан шайланган талапкер деп таануу тууралуу чечимин жана аткаруу актысын жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 20-май күнү БШКга Свердлов райондук сот аткаруу кызматы тарабынан Бишкек административдик сотунун 16-майдагы аткаруу актысы жиберилген. Анда Боршайкомду 10 күндүк мөөнөт ичинде сот чечимин өз эрки менен аткаруу сунушу жазылган.

"Бирок БКШ мурдараак Бишкек административдик сотуна кайрылып, аткаруу актысын жокко чыгаруу боюнча өтүнүч келтирген. Сот Боршайкомго аткаруу актысын жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаар сотуна кайрылууга укугу бардыгын билдирген. БШК 28-майда Бишкек шаардык сотуна кайрылуу чечимин кабыл алды", - деп жазылган маалыматта.

30-майда Свердлов шайлоо округу боюнча мурдагы талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) №29 Свердлов округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо боюнча чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек административдик сотуна кайрылган. Ал Боршайкомдун 15-майдагы чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.

Президент Садыр Жапаров 16-майда №29 Свердлов округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындаган. Мунун алдында 15-майда Боршайкомдун жыйынында шайлоо дайындоо боюнча президентке сунуш жолдогон.

БШК 7-майда бул округдан шайланып депутат болгон Шайлообек Атазовду Жогорку Соттун чечиминин негизинде мандатынан ажыраткан. Абдурахманхажи Муртазалиев депутаттык мандат ага берилбегени үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылган.

БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов Муртазалиевди депутат кылып бекитүү боюнча соттун баштапкы инстанцияларында сөз болгонун, бирок Жогорку Соттун чечиминде ал талап колдоо таппаганын айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG