Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Германия Украинага 500 миллион евролук аскердик жардам жөнөтөт


Борис Писториус.
Борис Писториус.

Германия Украинага 500 миллион евролук (542 миллион доллар) аскердик колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу 30-майда немис коргоо министри Борис Писториус билдирди.

Курал-жарак жактан кезектеги жардам берилерин ал Украинага иш сапар менен барып, Одесса портун кыдырып, коргоо министри Рустем Умеров менен Киевдин аскердик муктаждыктарын талкуулагандан кийин билдирди.

Абадан коргонуу жана чакан радиустагы ракетадан коргонуу боюнча IRIS-T SLS зениттик ракеталык комплексине көп сандагы ракеталар, Кара деңизде чалгындоо иштерин жүргүзүүчү учкучсуз учактар, кошумча тетиктер берилери маалымдалды.

Украинага 2022-жылы февралда кол салып, толук масштабдуу согуш ачкан Орусия «атайын аскердик операцияны» ишке ашырып жатканын айтып келет.

Алгачкы бир жылда Украина Батыштагы союздаштарынын жардамы менен орус аскерлеринин чабуулдарына каршы туруп, айрым тарттырып жиберген аймактарын кайтарып алууга жетишкен. Бирок былтыртан бери фронтто абал кыйла өзгөрдү, украин бийлиги Батыш убада кылган жардам убагында берилбей, аскерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG