Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

Украина жана Орусия согуш туткундарын айырбаштады


Туткундан бошонгон украиналыктар. 2024-жылдын 31-майы.
Туткундан бошонгон украиналыктар. 2024-жылдын 31-майы.

Украина жана Орусия ортосунда бүгүн 31-майда үч айдан берки кезектеги туткун айырбаштоо жүргөнүн эки өлкөнүн өкүлдөрү билдиришти. Айырбаштоо тууралуу сүйлөшүүлөргө Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) ортомчулук кылды.

Орусия 75 туткунун алганы, Украина туткундагы 71 жоокерин жана төрт жай тургунун кайтарып алганы маалымдалды.

Ошондой эле бүгүн эки өлкө каза болгон жоокерлеринин сөөгүн бири-бирине өткөрүп беришти. Орусия 45, Украина 212 маркумдун сөөгүн алды. Украиналыктар Донецк, Запорожье, Луганск жана Харьков багыттарында курман болгондор экени кабарланды.

26-апрелде Орусия 36, Украина 140 жоокеринин сөөгүн айырбаштап алган. (RK)

XS
SM
MD
LG