Израил Вашингтондун тынчтык планына көнөбү?
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жардамчысы Тель-Авив АКШ президенти Жо Байден сүрөөнгө алган тынчтык планына макул болгонун билдирди. Бирок ал Израилдин өкмөтү ХАМАС радикал тобун жок кылуу максатынан тайбасын кошумчалады. Ал арада ЦАХАЛ Газада операциясын улантып, дүйшөмбүгө караган түнү кеминде 19 палестиналык набыт болгону кабарланды.