Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:49

Тянанмэндеги кандуу окуянын 35 жылдыгы: Кытай коопсуздук чараларын күчөттү


Тянанмэн. 1989-жыл.
Тянанмэн. 1989-жыл.

Кытайда бүгүн 4-июнда борбор калаа Бээжиндеги Тянанмэн аянтынын тегерегинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Аянтка алып баруучу негизги жолго атайын текшерип өткөрмө бекеттери орнотулуп, полиция машиналары тизилди.

Associated Press (AP) агенттиги жазгандай, аянтка жакын метро станциясы жана Тянанмэн дарбазасындагы аянтча да убактылуу жабылды.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин Батыш өлкөлөрүнүн Тянанмэндеги туура 35 жыл мурдагы кандуу окуя боюнча айыптоолору тууралуу суроого жооп берип жатып «Биз муну кимдир бирөө Кытайга кол салуу же жалаа жабуу жана Кытайдын ички иштерине кийлигишүү үчүн шылтоо катары колдонуусуна чечкиндүү түрдө каршыбыз» - деп билдирди.

Окуянын курмандыктарынын үй-бүлө өкүлдөрү түзгөн «Тянанмэн энелери» тобу Кытай өкмөтүнө онлайн кайрылуу жолдоп, каза болгондордун аты-жөнүн жана тизмесин жарыялоону, кенемте төлөөнү жана алардын өлүмүнө жооптууларды жазалоону талап кылышты.

Гонконгдун айрым тургундары окуянын курмандыктарын дүйшөмбү күнү 6,4 чакырым (4 миля) чуркап өтүп, социалдык түйүндөргө Тянанмэн тууралуу контент жарыялап эскеришти. Британиянын консулдугу X социалдык түйүнүндөгү баракчасына VIIV (6/4) деген жазуу тартылган сүрөт жарыялады. Эскерүү иш-чаралары АКШда да пландалууда.

1989-жылы жазында Бээжиндин Тянанмен аянтында коммунисттик Кытайдын тарыхындагы эң чоң саясий протест башталган. Борбордук аянтка чогулган 1 миллиондон ашуун студент жана жарандар өлкөдө саясий реформа жүргүзүүнү талап кылышкан.

Алты жумага созулган демонстрация 3-4-июнда танктар коштогон аскерлердин жардамы менен күч менен басылган.

35 жыл мурда Тянанменди калкылдаган элден бошотуу кезинде канча адам өлгөнү жөнүндө кытай өкмөтү алиге дейре эч кандай маалымат жарыялай элек. Адам укугун коргоочу уюмдар менен күбөлөр 3-4-июндагы коогалаңда жүздөгөн, айрымдар миңдеген адам набыт болгонун айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG