Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:11

Навальныйды эскерүү акциялары өтүүдө


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусияда абакта белгисиз жагдайда каза болгон оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары бүгүн 4-июнда туулган күнүндө аны эскерип, түрдүү акцияларды уюштуруп жатышат.

Москвада маркумдун сөөгү коюлган Борисовское көрүстөнүнө ата-энеси, санаалаштары барып, гүл коюшту. Навальныйды жерге берүү иш-чарасына катышканы үчүн Москва епархиясы кызматына тыюу салган дин кызматкери Димитрий Сафронов да барганын "Можем объяснить" жазды.

DOXA маалымдагандай, Навальныйды Владивосток, Йошкар-Ола, Самара, Новосибирск шаарларында да жергиликтүү активисттер эскеришти.

Германиянын борбору Берлин шаарында "Привет, это Навальный" деген концерт уюштурулууда. Ага согушка жана Орусиядагы диктатурага каршы көз караштагы музыканттар катышары, концерттен түшкөн акча саясий туткундарга жардамга жумшалары маалымдалды.

Навальный тирүү болсо бүгүн 48 жашка чыкмак.

Навальный быйыл 16-февралда абакта көз жумган. Саясатчынын жакындары ал киши колдуу болгонун айтып, өлүмү үчүн президент Владимир Путинди айыпташкан. Орусиянын Жаза аткаруу кызматы ал өзү каза болгонун, абалы кескин начарлап, реанимациялык жардам натыйжа бербегенин билдирген. Бирок диагнозу алигүнчө ачык айтыла элек.

Маркумдун сөөгү да жакындарына дароо берилбей, аны күч кызматкерлери кандай жана каерге көмүү керектиги тууралуу шарт коюшканы айтылган.

Навальный 1-мартта Москвада Борисовское көрүстөнүндө жерге берилген. Аны менен коштошууга миңдеген киши барганын тарапташтары билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG