Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:11

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу алмашты


Алматы шаары.
Алматы шаары.

Назарали Арипов Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Президенттин дагы башка жарлыгы менен Жеңишбек Асанкулов Казакстандын Чымкент шаарын, Алматы, Жетисуу, Жамбыл, Түркестан жана Кызылордо облустарынын аймагын камтыган консулдук округу менен Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды.

Назарали Арипов бул кызматка 2021-жылы дайындалган. Ага чейин 2010-2015-жылдары V чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаты, Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү болгон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG