Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:34

Сирияда Израилдин соккусунан Иран офицери мерт кетти


Саид Абьярдын сөөгү 3-июнда жерге берилди.
Саид Абьярдын сөөгү 3-июнда жерге берилди.

Сирияда Израилдин авиа чабуулдарынан ирандык аскер кеңешчилеринин бири каза болгонун Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» менен байланыштагы Tasnim маалымат агенттиги билдирди.

Окуя 3-июнда Сириянын Алеппо шаарынын чет жакасында, Иран кандай гана кол салуу болбосун, жооп кайтарарын эскерткенден эки ай өтүп болгону, соккудан мерт кеткен 17 кишинин бири «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» мүчөсү Саид Абьяр экени маалымдалды.

Расмий Тегеран Алепподогу сокку боюнча комментарий бере элек. Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багери Кани бүгүн 4-июнда Сирияга иш сапар менен барды. Ал аймактагы өлкөлөрдү кыдырууда, кечээ Ливанда болуп, бир катар жолугушууларды өткөргөн.

Быйыл 1-апрелде Сириянын борбору Дамаск шаарында Ирандын элчилигине коюлган авиа чабуулдан бир нече киши, алардын ичинен «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» эки генералы өлтүрүлгөн. Бул үчүн Иран Израилди айыптаган.

14-апрелге караган түнү Иран Израилге каршы жапырт чабуул жасаган. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматына караганда, 170 учкучсуз учак, 120дан ашуун баллистикалык ракета, 30дай канаттуу ракета колдонулган, бирок Израил өзү жана союздаштары ошонун 99%, анын көбүн өлкөдөн тыш аймактан атып түшүрүүгө үлгүргөн.

19-апрелде Ирандын өзөктүк инфраструктура жана аскердик база жайгашкан Исфахан шаарынын аймагында чакан үч дрон кармалганын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришкен. Бир катар эл аралык маалымат агенттиктери дрондорду Израил учурганын АКШ бийлигиндеги булактарына таянып жазып чыгышкан. Бирок Иран Израилди айыптаган эмес. Израил өзү эч кандай расмий маалымат берген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG