Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Ошто Матраимов менен Келдибековдун жерин мэрияга кайтаруу аракети көрүлүп жатат


Райымбек Матраимовдордун Оштогу үйүнүн сыртынан көрүнүшү.
Райымбек Матраимовдордун Оштогу үйүнүн сыртынан көрүнүшү.

Ош шаарында “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун менчикке өтүп, имараттар салынып кеткен жерлерин мамлекетке кайтаруу иши жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Пирматов айтты.

Анын маалыматына ылайык, Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндөгү №13, 15 жана 17 даректеринде жайгашкан жерлер “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун жери болгон. Сөз болуп жаткан тилкелер 2002-2004-жылдары жеке тараптарга сатылып кеткен. Андан бери 5-6 адамдын колунан өткөн.

“Ал жерлердин аянты 30-40 сотых чыгат. Алардын ичинен №13 даректеги жер Акматбек Келдибековго, №15 жана 17 дарек Матраимовдорго катталган. Социалдык объектинин жерлерин кайтаруу боюнча укук коргоо органдарына да кайрылганбыз. Прокуратурага, ички иштер органдарына, Улуттук коопсуздук комитетке көмөк көрсөтүү боюнча кат бергенбиз. Муниципалдык менчик башкармалыгынын юридикалык бөлүмү мөөнөттү калыбына келтирүү боюнча Ош шаардык сотуна арыз бергенбиз. Сот мөөнөтүн калыбына келтирип берди. Азыр жерди алуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз”, - деди ал.

Ош шаарында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жаткан Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү Супаналиев көчөсүндөгү үйдүн дарбазасына февраль айында атайын кызмат мөөр басып кеткен.

Январда Ош мэриясы Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмолору мыйзамдуу аянтынан тогуз метр чыгып кеткенин билдирип, дубалдарын бузган.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков жана анын жакындары Ош шаарындагы үйүнүн жери боюнча комментарий бере элек. (BTo/DSh)

XS
SM
MD
LG