Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Сузакта тууну өрттөп, ак мата илип кеткен окуя боюнча алты киши кармалды


Сузак району.
Сузак району.

5-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад облусунун Сузак районунда телефондорго сигнал таратуучу мамыдагы жана эки мектептин имаратындагы мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип кеткен деп шек саналгандар менен анын уюштуруучулары кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, 30-майга караган түнү Сузактын Бек-Абад айылында желекти өрттөгөн деген шек менен 16 жана 19 жаштагы кыздар кармалды. Алар “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү.

Бул окуяга байланыштуу 19 жаштагы кыздын 45 жаштагы апасы, 29 жаштагы байкеси жана экстремисттик адабияттарды жайылткан деген айып менен дагы эки адам кармалды. Ошентип, бул иш боюнча алты киши кармалып, Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна мүчө болгон жана мамлекеттик символду жок кылган деген шек сенен камакка алынды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК 19 жаштагы кыздын атасы буга чейин экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганын, ушул тапта Орусияда иштеп жүргөнүн кошумчалады.

Ал эми 16 жаштагы кыз таякесинин колунда өскөнү аныкталган.

Шектүүлөр 30-майга караган түнү Сузак районундагы №4 Шамшиев атындагы жана №88 Атабеков атындагы орто мектептердин, ошондой эле телефондорго сигнал таратуучу мамыдагы мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна араб жазуусу бар ак матаны илип кетишкен. Бул мектептерде окутуу кыргыз жана өзбек тилдеринде жүрөт.

Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 30-майга оогон түнкү саат 3:20-4:00 чамасында болгон. Саат таңкы 04:15 чамасында Сузак райондук милициясына Бек-Абад айылынын тургуну кабар берген. Нөөмөттөгү милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG