Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

АКШ "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алууга тиешеси бар грузин бийлик өкүлдөрүнө санкция салды


АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Мэтью Миллер.
АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Мэтью Миллер.

Кошмо Штаттар "чет элдик агент" мыйзамынын кабыл алынышына тиешеси бар Грузиянын ондого жарандарына санкция салды.

Алардын катарында парламент депутаттары жана өкмөт өкүлдөрү бар экенин Мамдепартаменттин өкүлү Мэтью Миллер билдирди.

Анын айтымында, чектөөлөр бир гана аткаминерлерге эмес, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да киргизилди. Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Грузиядагы демократияга жарака салууга жоопкер адамдарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө америкалык виза берилбей турган айткан эле.

Андан тышкары АКШ Грузия менен эки тараптуу алакасын кайра карап чыгары маалымдалган.

Грузин өкмөтү миңдеген жарандардын каршылыгына, Евробиримдик менен АКШнын эскертүүсүнө карабай "чет элдик агент" тууралуу талаштуу мыйзамды кабыл алды.

Ага парламент төрагасы Шалва Папуашвили 3-июнда кол койду. Ага чейин президент Саломе Зурабишвили вето коюп, кол коюудан баш тарткан.

Каржылануусунун 20% сырттан болгон жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) жана бейөкмөт уюмдар эми бир ай ичинде Юстиция үйү аркылуу катталуу тууралуу арызын бериши керек.

"Чет элдик агент" мыйзамына каршылыгын билдирген миңдеген жаран нааразылык акцияларын 1,5 айдан бери улантып келет. Алардын айрымдары полиция менен кагылышуу болгондо кармалып, кийин коё берилген. Полиция демонстранттарга күч колдонгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG