Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Байден, Макрон жана Шольц Украинага колдоосун дагы бир ирет билдирди


Франциянын президенти Мкрон жана АКШнын лидери Байден жубайлары менен Парижде, 8-июнь, 2024-жыл
Франциянын президенти Мкрон жана АКШнын лидери Байден жубайлары менен Парижде, 8-июнь, 2024-жыл

АКШнын президенти Жо Байден ишембиде Парижде француз лидери Эммануэл Макрон менен жолукканда Вашингтон Украинага Орусиянын баскынчылыгына каршы туруу үчүн канча зарыл болсо ошончо көмөк көрсөтөрүн билдирди.

Байдендин сөзүнө караганда, эгерде Киевге жардам берилбесе, Орусиянын президенти Владимир Путин украин жергеси менен эле токтоп калбайт.

«Жалпы Европаны коркунуч тооруйт, биз анын ишке ашуусуна жол бербейбиз. АКШ Украинага ийиндеш болуп турат. Дагы айтарым – биз эч кайда кетпейбиз», - деди Байден.

Макрон АКШнын Украинага көрсөткөн көмөгү үчүн Байденге ыраазычылык билдирип, Европанын «жалпы коопсуздугу картада турган» согушта Вашингтон менен Париждин көз карашы төп келерин белгиледи.

Франциянын лидери Украинага берилчү жардам кийинки аптада Италияда өтчү «Чоң жетинин» жыйында жана Швейцарияда тынчтык саммитинде талкууланарын айтты.

Германиянын канцлери Олаф Шольц ишембиде X платформасына жарыяланган билдирүүсүндө Украина согушта утулбай турганын айтты.

«Путин акыр аягы ушуну мойнуна алуусу керек. Украина үчүн адилет тынчтык. Биз ошол адилет тынчтыкты орнотуу үчүн талбай иштеп жатабыз», - деди Шольц.

Швейцарияда өтчү Украина боюнча конференцияда согуш туткундарын алмашуу, украин балдарын өз мекенине кайтаруу, өзөктүк жана тамак-аш коопсуздугу талкууланарын да канцлер Шольц белгиледи.

15-16-июнда Щвейцарияда өтчү тынчтык саммитине Орусия чакырылган эмес. Москва Орусия катышпаган иш-чарадан "майнап чыкпайт" деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG