Өзбекстан жана Казакстан чек арадагы жаңы өткөрүү пункттарынан бош бараткан оор машиналар менен чакан унаанын кыймылын жолго салууга аракеттенүүдө.
Өзбекстандын Бажы комитетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул тууралуу тараптардын 22-майда Алматыда болгон жыйынында макулдашылды.
Жетекчилер “Ак алтын”-“Целинный” жана “Малик”-“Сырдарья” чек ара өткөрмөлөрү калган пункттардын ишин жеңилдетерин белгилешти.
Өзбекстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсүн көбөйтүү программасына ылайык, 2030-жылга чейин сооданын көлөмүн 10 млрд долларга жеткирүү каралууда.
Буга байланыштуу эки өлкөнүн бажы кызматтары чек арадан өтүүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүнүн үстүнөн иштеп, айыл чарба продукциясы үчүн “жашыл коридор” киргизүүнү, өткөрмө пункттардагы кезектерди эффективдүү башкарууну пландап жатат.
Эмки айдан тарта Өзбекстан "Электрондук кезек" системасын баскыч-баскыч менен киргизгенге даярданууда. Анын алкагында биринчи болуп ал механизм Казакстан менен чек арадагы “Навои” пунктунда иштеп баштамакчы.
Буга чейин Өзбекстан менен Казакстан кошумча төрт соода коридорун ачууну көздөгөнү кабарланган.
Өткөн аптада Ташкент казакстандык жарандарга 30 күнгө чейин ички документ же ID-карта менен каттоо мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы маалымдалган.
Шерине