Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Бишкекте Эркиндик бульварында турак жайдан өрт чыкты


Өрт чалган турак жай.
Өрт чалган турак жай.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 9-декабрда Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында жайгашкан турак жайдан өрт чыкканын билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:33тө Свердлов райондук №3 өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан бир, саат 08:47де дагы бир бөлүм тартылган. Министрлик жабыркагандардын бар-жогу тууралуу маалымат бере элек.

Социалдык тармактарда тараган видео-сүрөттөрдө “3 бөлмө” (ред: 3 комнаты) деген аталыштагы кафе күйүп жатканын көрүүгө болот.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон, алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG