Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Кадамжайда жол кырсыгынан жубайлар жана өспүрүм кызы каза болду


Баткенде үч кишинин өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайы териштирилип жатат. Облустук ички иштер башкармалыгы маалымдагандай, кырсык 7-декабрда кечинде Ош–Раззаков унаа жолунун Кадамжай шаарынын аймагында катталды.

“Деу Тико” үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыккан “Форд Пикап” менен кагылышканы маалымдалды.

Кырсыктын кесепетинен “Деу Тиконун” жүргүнчүлөрү — 38 жаштагы Х.Н. жана 16 жаштагы Ю.М. ошол жерде каза болгон, ал эми айдоочу Д.Н. оор жаракат алып, тез жардам унаасында ооруканага жетпей көз жумган.

Каза тапкандар бир үй-бүлөдөн жубайлар жана алардын кызы экени айтылууда.

"Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (“Жол кыймылынын жана унааларды пайдалануунун эрежелерин бузуу”) менен кылмыш иши козголуп, “Форд Пикап” унаасынын 35 жаштагы айдоочусу Т.Т. Кадамжай милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдирди облустук башкармалык.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, (ЖКККББ) быйыл он айда Кыргызстанда 7443 жол кырсыгы катталып, 750 киши каза болду. Бул 2024-жылдын ушул убактысына салыштырганда 30% көп. Жалпысынан жолдогу кырсыктардан 10 миң 767 адам ар түрдүү жаракат алган. (JsA)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG