Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:30

АКШ Венесуэланын жээгинде дагы бир мунай танкерин кармады


10-декабрда Кошмо Штаттары  Skipper мунай танкерин кармаган.
10-декабрда Кошмо Штаттары Skipper мунай танкерин кармаган.

Америкалык аскерлер Венесуэланын жээгинде мунай ташыган дагы бир танкерди кармады. Бул аракет президент Дональд Трамптын Венесуэлага багыт алган жана андан чыккан санкциядагы мунай танкерлеринин баарын толук курчоо тууралуу буйругунан кийин ишке ашты.

Венесуэланын бийлиги танкердин кармалышын уурулук катары баалап, Американын кадамы жазасыз калбашы үчүн болгон аракетти көрөрүн, анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңешине кайрыларын жарыялады.

Акыркы эки жумадан бери ушуну менен Венесуэланын экинчи танкери кармалып жатат. Азыр кармалган танкер АКШнын санкциясында болчу.

Вашингтон акыркы апталарда Венесуэланын жээктеринде аскерин көбөйтүп, муну маңзаттарга каршы күрөш катары түшүндүрүүдө.

Каракас АКШ бийлиги Венесуэланын жаратылыш ресурстарын, баарынан мурда мунайды көзөмөлдөө үчүн режимди алмаштырууга аракеттенип жатат деп эсептейт.

Быйыл сентябрдан бери АКШ Кариб деңизинде маңзат соодасына шектүү деген негизде 20дан ашуун кемеге сокку урган, анда кеминде 87 киши өлгөн.

10-декабрда Кошмо Штаттары Иран менен байланышы үчүн санкцияга кирген Skipper мунай танкерин кармаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG