Москва шаарынын Замоскворечье райондук соту оппозиционер, шахмат боюнча мурдагы дүйнө чемпиону Гарри Каспаровду сыртынан камакка алды. Андай өтүнүч менен сотко тергөөчүлөр кайрылган. Бөгөт чарасы Каспаров Орусияда кармалган же өлкөнүн аймагына экстрадицияланган учурдан тарта күчүнө кирмекчи.
Оппозиционер 10 жылдан ашуун убакыттан бери Орусиянын сыртында жашап жүрөт.
Ал күнөөлөнүп жаткан беренеде 5-7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Айыптын чоо-жайы белгисиз. Болжолу менен чечимге Каспаровдун Украинаны колдогон билдирүүлөрү негиз болгон.
Буга чейин оппозиционер 2024-жылдын апрелинде террордук уюм түптөө беренеси менен сыртынан камакка алынган. Сөз Каспаров активдүү катышкан «Орусиянын эркин форуму» тууралуу жүрүүдө. Ага чейин гроссмейстер «чет элдик агенттердин» тизмесине киргизилген.
15тен көп жолу дүйнө биринчилигин жеңген Каспаров акыркы жылдарда расмий мелдештерге катышпайт. Ал саясий активдүүлүк менен алектенип, Украинаны колдойт жана АКШ администрациясын Орусия менен кызматташууда деп айыптап жүрөт.
Жо Байдендин бийлиги тушунда да Киевге жетиштүү жардам бербейт деп сындап келген.
Бир нече күн мурун анын дагы бир оппозиционер Владимир Кара-Мурза менен талашып-тартышканы талкууга түштү. Каспаров кеп саясий пикир келишпестик тууралуу болгонун билдирген.
Шерине