Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда делегаттардын жер мунапысына байланыштуу кайрылуу жана суроолоруна кеңири токтолду.
"Тилекке каршы, биздин бийликтегилер да аралашып, 50, 100 гектар жерлерди "мафия" кылган. Анын кесепетинен жакын эле арада Чүй облусунда президенттин өкүлүнүн орун басары камалды. Жер маселесине аралашкан аким, акимдердин орун басарларынын баары азыр камакта. Алар бош жаткан жерлерди "2005-жылы эле салып алгам" деген шылтоону айтасың деп пайдубалын куйдуруп, тамын тургузуп, ал тургай чатырын жаптырып ийишкен. Бул үчүн акча алган, алдамчылык кылышкан. Азыр ушулар боюнча тергөө жүрүп жатат. Комиссия да түзүлүп, башкы прокурордун орун басары, администрация, акимчиликтерден өкүлдөр кирген. Алар иштеп бүткөндөн кийин жыйынтыгын чыгарабыз",-деди Жапаров.
Президент "мурда эле салып алгам" деген шылтоо менен айдоо жерге үй салууну токтотуу керектигин, эл көбөйүп, жер тарып баратканын, Кыргызстан өзүн буудай менен камсыздай албай жатканын айтты.
Жапаров МИК салып жаткан үйлөр шаарлардан сырткары айылдарга чейин жетерин, эл ошондон турак жайга жетерин белгиледи.
2021-жылы 5-апрелде мурда мыйзамсыз ээленген жер тилкелерине мунапыс берүүчү “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.
Быйылкы июнь айындагы маалыматка ылайык, ошондон берки аралыкта жер мунапысы боюнча республикалык комиссияга Кыргызстандын бардык аймактарында 170 миңден ашуун арыз түшүп, анын 56% мыйзамдаштырылган. 25 миңден ашуун арыз түрдүү себептер менен артка кайтарылган. (KS)
Шерине