Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:37

АКШ Украинага 15 жылга “күчтүү” коопсуздук кепилдиктерин сунуштады


Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский. 28-декабрь, 2025-жыл. Флорида.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский. 28-декабрь, 2025-жыл. Флорида.

АКШ Украинага cогушту токтотууга багытталган тынчтык келишиминин алкагында 15 жылга эсептелген “күчтүү” коопсуздук кепилдиктерин сунуштады. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский Америка лидери Дональд Трамп менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди. Ошол эле учурда Киев бул кепилдиктер узагыраак мөөнөткө берилишин каалайт.

"Мен ага [Трампка] азыркы согуш дээрлик 15 жылдан бери уланып келе жатканын айттым. Ошондуктан коопсуздук кепилдиктери узагыраак мөөнөткө берилишин каалайт элем. Биз 30, 40, 50 жылдык мүмкүнчүлүктү да карап көрүүнү кааларыбызды айттым. Президент бул тууралуу ойлонорун билдирди", — деди Зеленский Флоридадагы жолугушуудан бир күн өткөндөн кийин WhatsApp аркылуу журналисттер менен болгон маегинде. Ал кошумчалагандай, коопсуздук кепилдиктери болбосо, согушту толук аяктады деп айтууга болбойт.

"Анткени мындай коңшудан кайра агрессия болуу коркунучу сакталат", — деди Зеленский.

Ал бул жерде Орусиянын 2014-жылы Крымды аннексиялап алганын эске салды. Бул окуя 2022-жылдын февралында башталган кеңири масштабдагы баскынчылыктан мурда болгон. Анын айтымында, коопсуздук кепилдиктери болбосо, согушту толук аяктады деп айтууга болбойт.

Эки лидер 28-декабрда Флорида штатындагы Палм-Бич шаарында жайгашкан Трамптын Мар-а-Лаго резиденциясында жолугушкан. Алар Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң узак жана эң кандуу жаңжал деп эсептелген Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Жолугушууну эки тарап тең "жемиштүү" жана "мазмундуу" деп мүнөздөгөнү менен, олуттуу натыйжа жетишилген жок.

Зеленский журналисттер менен болгон маегинде 20 жободон турган тынчтык планынын айрым маселелери дагы эле чечиле электигин айтты.

Ал жакынкы күндөрү Украина, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилеринин жолугушуусун өткөрүүгө чакырды.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG