Азербайжанда чет өлкөлөрдө жашап жүргөн жети блогер сыртынан соттолуп, ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылды. Азербайжандагы сот алардын бардыгына өкүм чыгарганын APA агенттиги кабарлады.
Соттун чечимине ылайык, Azerfreedom YouTube каналынын жетекчиси Гурбан Мамедов жана Azad Soz каналынын жетекчиси Турал Садыглы 14 жылдан эркинен ажыратылды. Ал эми блогерлер Эльшад Мамедов, Сулейман Сулейманлы, Орхан Агаев, Рафаэль Пириев жана Ордухан Теймурхан тогуз жылдан түрмөгө кесилди.
Аларга алдамчылык, террорчулукка чакыруу, жапырт баш аламандыктарды уюштуруу, документтерди жасалмалоо өңдүү айыптар тагылган. Бирок бул кылмыш иштери кандай негизде козголгону расмий түрдө айтылган эмес.
"Кавказский узел" басылмасы жазгандай, Рафаэль Пириевге каршы кылмыш иши анын 2019-жылы жарыялаган видеолоруна байланыштуу козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал роликтерде Азербайжандагы бийликти кулатууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана жапырт баш аламандыктарга чакырыктар болгон.
2025-жылдын ноябрь айынын аягында "Азербайжандагы куугунтуктоолор токтосун" аттуу укук коргоо демилгеси өлкөдөн чыгып кеткендерди да сыртынан куугунтуктоо күчөп жатканын көрсөткөн баяндама жарыялаган.
Анда чет өлкөдө жашап, бийликти сындаган журналисттерге, активисттерге жана укук коргоочуларга кылмыш иш козгоп, сыртынан соттоо негизги инструментке айланып баратканы айтылат.
Шерине