Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:43

Венесуэла бийлиги Каракастагы жарылуулар үчүн АКШны айыптады


Каракас. 3-январь, 2026-жыл.
Каракас. 3-январь, 2026-жыл.

Венесуэланын борбору Каракас шаарында 3-январга караган түндө бир нече жарылуу болуп, өрт чыкты. Шаардын түштүк тарабында ири аскер базасы жайгашкан аймакта электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.

Венесуэланын авторитардык президенти Николас Мадуро башында турган бийлик АКШ өлкөгө чабуул койду деп билдирип, чукул абал жарыялады.

Азырынча бул боюнча Ак үй же Пентагон расмий маалымат бере элек.

CBS News каналынын журналисти Женнифер Жейкобс Венесуэлага чабуул коюу тууралуу буйрукту АКШ президенти Дональд Трам бергенин белгилөөдө. Ушундай эле маалыматты өз булактарына таянып Fox News жарыялады.

Мурдараак Ак үй Венесуэланын бийлигин баңгизат сатууга тиешеси бар деп айыптап, легитимсиз деп атаган.

Маалымат толукталат.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG