Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Токаев жеке кызыкчылык үчүн мамлекеттик система өзгөрбөй турганын белгиледи


Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-январда Turkistan гезитине курган маегинде жеке кызыкчылык үчүн мамлекеттик системаны алмаштырбай турганын айтты.

Ал журналисттин" 2027-жылга пландалган парламенттик реформа парламент спикеринин милдетин күчтөндүрөбү жана бул реформа Токаев өзү үчүн даярдалып жатабы?" деген суроосуна жооп берди. Казакстанда мындай божомолдор Токаевдин президенттик мөөнөтү 2029-жылы аяктай турганына байланыштуу айтыла баштаган.

"Бул фантазия", - деген Токаев мындай божомолдор анын саясий принциптерине каршы келерин белгилеген.

"Мен Казакстан президенттик башкаруу формасындагы мамлекет экенин бир нече ирет айткам. Акордого келгенге чейин, сегиз жыл мурда эле “Күчтүү Президент - Таасирдүү Парламент - Эсеп-кысапка жооп берчү Өкмөт” концепциясын сунуштагам. Жеке кызыкчылыктар үчүн бүтүндөй мамлекеттик системаны өзгөртүү өтө жоопкерчиликсиз, атүгүл адепсиз кадам болмок", - деген президент.

Токаев бул жерде "жашыруун маанилер жок" экенин белгилеп, саясий реформалар улантыларын, узак мөөнөттүү пландардын бир бөлүгү жакын арада коомчулукка жарыяланарын айтты.

Парламенттик реформа демилгеси казак президентинин 2025-жылдын 8-сентябрында элге кайрылуусунда айтылган. Анда Токаев бир палаталуу парламентке өтүү мыйзам чыгаруу бийлигин коом үчүн натыйжалуураак жана түшүнүктүүрөөк кылууга тийиш экенине токтолгон.

2027-жылы бул реформа боюнча жалпы улуттук референдум өткөрүү пландалууда. Кийинчерээк Токаев парламенттик реформа Конституцияга олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кыларын да билдирген.

"Өзгөртүүлөр Баш мыйзамдын болжол менен 40 беренесине тиешелүү болот. Андан кийин кеминде 10 конституциялык мыйзамды жана 50дөн ашык кодекс менен мыйзамды шайкеш келтирүү зарыл. Бул процесс маңызы боюнча жаңы Конституция кабыл алууга тете. Мындай чоң көлөмдөгү ишти бир учурда аткаруу мүмкүн эмес. Тыкан жана кылдат даярдык талап кылынат", - деген Токаев парламенттик реформа боюнча жумушчу топтун жыйынында.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, 2022-жылдагы "Каңтар окуясынан" кийин учурдагы өлкө жетекчилиги "бийликти өткөрүп берүү процессине даярдануу үчүн башкарууну дагы да борборлоштуруп, көзөмөлдү күчөтүүгө аракет кылууда".

Сатпаев 2023-жылдагы парламенттик шайлоодо көз карандысыз талапкерлер бийликчил талапкерлерге олуттуу атаандаштык жаратканын, ал эми шайлоо процесси добуштарды эсептөөдөгү мыйзам бузуу жана көйгөйлөр тууралуу катуу талкуулар менен коштолгонун эске салган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG