Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров 20 жаштагы уулу Ахматты өкмөт башчынын орун басарынын милдетин аткаруучу кылып дайындады. Ахмат жаңы оруну менен кошо спорт министри деген кызматын да сактап калды.
"Кавказ.Реалии" басылмасы улуттук саясат, тышкы байланыштар, басма сөз жана маалымат министри Ахмед Дудаев да кызматынан көтөрүлгөнүн жазды.
Рамзан Кадыровдун айтымында, бул дайындоолор өкмөт башчысы Магомед Даудовдун сунушу менен жүргөн. Чеченстандын жетекчиси Telegram каналында "чакан кадрдык өзгөрүүлөр" болгонун билдирди.
Кадыров уулун жаңы кызматка дайындоо өзүнүн ден соолугуна байланыштуу жүрдүбү же жокпу, тактаган жок. Жаңы жыл алдында айрым ЖМКлар Кадыров Москвада ооруканада дарыланганын жазган, бирок маалымат расмий ырасталган эмес.
Ахмат Кадыровдон тышкары чечен өкмөтүндө аймак башчысынын башка туугандары да иштейт.
Маселен, Рамзан Кадыровдун кызы Хадижат 24 жашында Чеченстандын башчысы менен өкмөтүнүн администрация жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайындалган. Ахмат Кадыров 18 жашында Чеченстандын спорт министринин орун басары жана жаштар иштери боюнча министр, "Ахмат" футбол клубунун президенти болгон.
Кадыровдун дагы бир уулу Адам 16 жашында атасынын "коопсуздукту камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы" жана шейх Мансур атындагы батальондун куратору болгон. Кийин Рамзан Кадыров аны Гудермес шаарындагы Владимир Путин атындагы Орусиянын атайын багыттагы университеттин кураторлугуна дайындаган.
Кадыровдун бийликке аралашкан жакындарынын саны жүзгө жакын - бул көрсөткүч боюнча ал Орусияда биринчи орунда турат. "Проект" басылмасынын маалыматында, экинчи орунда президент Владимир Путин турат, анын 20дан ашык тууганы жетекчилик кызматтарда иштейт.
Жыл соңундагы жыйында Рамзан Кадыров жакындарын сыйлаган. Алардын арасында уулдары, күйөө балдары, жээндери жана жакын санаалаштары бар. "Кавказ.Реалии" редакциясы сурамжылаган эксперттер тынымсыз ыйгарылганы үчүн сый-ургалдардын кадыры кетүүдө деп эсептешет.
Шерине