Былтыр өлкө аймагында айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү жана соода-логистикалык инфраструктура багытындагы 63 объект пайдаланууга берилди.
Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү алкагында былтыр өлкөдө дан өсүмдүктөрүн, мөмө-жемиш жана жашылчаны кайра иштетүүчү ишканалар, сүт азыктарын, эт, балык, жүн, өсүмдүк майын өндүргөн жана органикалык өндүрүш объекттери ачылган. 2707 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.
2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгында, тамак-аш өндүрүшүнүн үлүшү 17,4% жеткен. Баштапкы эсептөөлөрдө 11 айда өндүрүлгөн азыктардын баасы 94,2 млрд сомду, физикалык көлөмдүн индекси 127,8 % түзгөн.
2026-жылы айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү 75 ишкананы ишке киргизүү пландалууда, инвестиция көлөмү 9,1 млрд сом деп эсептелүүдө.
2030-жылга чейин 385 айыл чарба өнүмүн кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу пландалууда, бул кайра иштетүүнүн деңгээлин 25% жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Бул тармакка салына турган жалпы инвестициянын көлөмү 20,96 млрд сомду түзөт. (ST)
Шерине