“Терезеден секирип, сыртка чыктык”. Камчаткада кар үч метрге жетти
Орусиянын Камчатка жарым аралында эки метрден ашуун кар түшүп, үйлөрдүн экинчи кабатына чейин жетти. Петропавловск-Камчатский шаарында абал оор, чатырдан түшкөн кар эки адамды басып калды. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабаттары толугу менен карга көмүлүп, айрым райондордо тургундар үйдөн чыга албай калды. Кээ бирлер биринчи кабаттагы терезелерден карга секирип түшүп, сыртка чыгууга аргасыз болушкан.
Шерине