Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Нурай Серикбайдын өлүмү: Полициянын үч кызматкерине шалаакылык үчүн иш козголду


Нурай Серикбай
Нурай Серикбай

Казакстандын Ички иштер министрлиги Нурай Серикбайдын өлүмүнө байланыштуу полиция кызматкерлерине каршы кылмыш иш козгоду. "Власть" басылмасы бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Санжар Адилов билдиргенин жазды. Чымкент шаарынын полиция департаментинин үч кызматкери шалаакылык үчүн айыпталууда.

Андан тышкары шаардын полиция башчысы, анын орун басары, башкармалыктын жетекчиси жана жабырлануучунун кайрылуусуна кайдыгер мамиле кылган, кылмыш иш козгобой койгон жооптуу адамдар кызматтарынан алынды.

21 жаштагы студент 11-январда Чымкент шаарында бир нече жеринен бычакталып каза болгон. Эки күндөн кийин полиция кызматкерлери калаага жакын жерде кылмышка шектелген 28 жаштагы кишини кармаган. Соттун чечимине ылайык ал камакка алынды жана адам өлтүрүү беренси менен иш козголду.

«Курсив» басылмасы маркумдун жакындарына шилтеме менен жазгандай, шектүү былтыр октябрда Нурайды ала качып кеткен. Кыз өзү жана үй-бүлөсү ага макулдугун берген эмес. Туугандары аны кайра үйүнө алып кетишкен. Алар полицияга кайрылган, бирок ала качкан киши Нурайга мындан ары жакындабай турганын айткандан кийин кыз аны кечирген.

Бирок шектелген адам кыздын артынан түшкөндө үй-бүлөсү полицияга жана прокуратурага арыз жазган. Маркумдун жакындары тартип коргоочулар чара көрбөгөнүн айтышат.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 20-январдагы курултайда полициянын аракеттерине укуктук баа берүүнү тапшырган жана ал иш Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө алынганын билдирген.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG