Экономика жана коммерция министрлиги өкмөттөгү башка тийиштүү мекемелер менен чогуу Кыргызстандын тигүү тармагын өнүктүрүү боюнча берилген сунуштарды иштеп чыгат.
Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, сунуштар президент Садыр Жапаров менен тигүү тармагынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда берилген.
21-январда президент Садыр Жапаров өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда мамлекет башчы экономикага салымы чоң, экспорттун жана ишкерликтин өнүгүүсүн негиздеп, элди иш менен камсыздап турган бул тармактын социалдык маанисин баса белгилеген.
Жолугушууда тигүү тармагындагы көйгөйлөр жана аларды чечүү боюнча да сунуштар айтылган. Президент Садыр Жапаров тигүү тармагындагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүүнү тиешелүү министрликтерге, каржылык уюмдарга тапшырган.
Былтыр сентябрь айынан баштап Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу автоунаалар Казакстан менен Орусиянын чек арасында көпкө кезек күтүп, тыгын узарып жатканы кабарланган. Казакстандык басылмалар сентябрдын аягына келип өткөрмө бекеттерге такалган жүк машинелердин саны 7 миңге жеткенин маалымдашкан. Кийин эки багыт боюнча тыгында калган транспорт саны 14 миңге жакындаган. Кезек акыры миңге чейин кыскарган.
Мындан улам Орусияга түз товар жеткирген жана Wildberries, Ozon сыяктуу маркетплейстер аркылуу кийим-кечек жөнөткөн кыргыз ишкерлеринин жүктөрү ара жолдо калып, же артка кайтып келди. Натыйжада көбү кардарларын жоготуп, азы ишин убактылуу токтотууга аргасыз болушту.
Тигүүчүлөрдүн көйгөйү Жогорку Кеңеште бир нече ирет көтөрүлүп, парламенттин "Ала-Тоо" депутаттык тобунун 16-январдагы жыйынында ишкерлердин жана мамлекеттик кызматкерлердин катышуусунда талкууланган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын текстиль жана тигүү тармагында 200гө жакын ишкана жана дээрлик 3 миң жеке ишкер бар. Аларда 128 миңден ашык адам эмгектенет. Бейрасмий эсептерде бул тармактагы жеке ишкерлердин саны 10 миңден ашары, ал эми тигүү сферасында түз жана кыйыр иштегендердин саны 250 миңдей экени маалымдалат. (ZKo)
Шерине