Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:24

Спикер Тургунбек уулу баалардын кымбатташынан улам өкмөттүн ишин сындады

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламент спикери Нурланбек Тургунбек уулу 28-январдагы отурумда коомдук тамактануучу жайлардагы тейлөө акысы үчүн 15% акы алынганы менен, эл жеңилдик сезбегенин айтты.

"Баалар аябай кымбат, таксиде, кафе-ресторандарда, чачтарачканаларда баа дүйнөлүк борборлордон да кымбат. Нааразылар көп. Кафе-ресторандарда тейлөө акысыз болот дешти. Алар болсо болсо бул акыны тамак-аштын баасына кошуп коюшту. Жыйынтыгында алар эч нерсе жоготушкан жок, карапайым эл кайра эле көп төлөп жатат. Ошондуктан, Министрлер кабинети ушуга окшогон демилгелерди ишке ашырууда алдын ала анализ кылыш керек эле", - деди спикер.

Төрага Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн кийинки айда Жогорку Кеңешке чакыруу зарылдыгын белгиледи.

1-январдан тарта Кыргызстандагы коомдук тамактануучу жайларда, кафе ресторандарда кызмат көрсөтүү акысын кардарлардан алууга тыюу салынган. Бирок коомчулукта тейлөө акысы алынбаганы менен, аны тамак-аштын баасына ашыра кошуп салышты деген нааразылыктар күч алган.

Монополияны жөнгө салуу кызматы жана Салык кызматы мындайга жол берилбесин, бааларды көтөрүп алган ишкерлерге 15 миң сомдон 30 миң сомго чейин айып пул салынарын билдирген. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG