ИИМдин 2-февралдан лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга рейддер жүргүзүлүп, кармалган айдоочуга 7500 сом айып салынат деген эскертүүсүнөн кийин ицензия берген мекемелерде кезек күтүү пайда болуп, каттоонун акыркы күндөрүндө эл толуп, нааразылык жаралды.
"Азаттыктын" кабарчылары 29-январда Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына барып, экинчи кабатта лицензия алуу үчүн келген айдоочулардын узун кезегине күбө болду.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкө аймагында азыркы мезгилге чейин лицензиялоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп келди, 8000дей жаранга жана 300дөн ашуун таксопаркка лицензия берилген. Анын 3700гө жакыны Бишкекке тиешелүү.
Кезек күтүп турган айдоочулардын бири Конокбай Мамбетов тейлөө тармагындагы кемчилдиктер тууралуу айтып берди.
“Мен бир жумадан бери документтерди толтуруп жүрөм. Көп документтерди “Түндүк” аркылуу бүтүрдүм. Негизгиси форма 83 экен. Бул жердеги кезек күтүү кыйнайт экен. Эми эртең бирине чейин жетишпейбиз го. Бул жерде ар кандай кызматтарды кошуп коюптур. Соттолбогонуңду карайт экен. Анан салыктан карызың бар-жогун кошуп коюптур. Мунун эмне кереги бар эле? Менин 270 сом карызым бар экен, эми аны кайсы жакка төлөгөндү билбей жатам. Чалып сурасам, ар кайсы жакты айтып жатышат”.
“Лицензия алыш үчүн 500 сом төлөйт экенбиз. Башка банктардан төлөйүн десем, кызматы үчүн акча алат экен. Накталай төлөгүлө дейт. Мен кечээ келип, кайра банк издеп жүрүп жетишпей калдым. Онлайн төлөй турган кылып койсо деле болмок, тиги Элдик банк деген. Мындайын билсек, биз да даярданып алат элек да. Ушундай маселелер эле күндү алып салат экен”, - деди дагы бир айдоочу Эрнис Абдыкадыров.
Өткөн жылдын февраль айынан бери таксисттерге лицензия алуу талабы айтыла баштаган. Кийин айдоочулардын нааразычылыгынан улам август айында бул чечим 2026-жылдын февраль айына чейин узартылган болчу.
Айдоочулардын бири Аширбек Эгембердиев экинчи ирет лицензия алуу үчүн келгенин билдирди:
“Мен лицензия алганы келдим. Өткөн экинчи күнү келсем, чыккан эмес экен. Тапшырганыма эки жума болду, бүгүн кайра дагы келдим. Мамлекет эмне документ талап кылса, ошонун баарын тапшырганмын. Лицензия берүүгө бир бөлмө ачып же кимге лицензия чыккан болсо, сыртка тизме илип койсо жакшы болот эле. Убакыт кетирбей ошол жерден карап кете берет элек. Азыр эми качан кирем, билбейм. Мына, кезекте турам”.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 28-январда бул маселеге кайрылып, айдоочуларга бул документти алуу мөөнөтүн дагы узартууну сунуштаган:
“Мына таксилердин лицензиясы боюнча убакытты узартып бербесек, үч күндүн ичинде мөөнөтү бүтөт. Тилекке каршы, азыркы учурда 7,5 миң эле лицензия берилди. Ал эми бизде 70 миң такси айдоочу бар. Лицензия ала албай калса, такси кызматы кымбаттайт. Бир топ жумушсуздук болот. Бул маселени комитет карашы керек”.
ИИМ буга чейин такси кызматын көрсөткөндөргө лицензия берүү мөөнөтү узартылбай турганын, 2-февралдан тарта лицензиясы жок айдоочуларды аныктоо боюнча рейддер башталарын эскерткен болчу. "Жорго такси" компаниясынын башчысы Алтынбек Каримов лицензиясы жок таксисттер тууралуу буларды маалымдады:
“Бизге азырынча шарттарды чектөө боюнча эч кандай маалымат түшө элек. Компания катары биз өзүбүз лицензия алдык. Бизге жүктөлгөн милдеттерге ылайык, квартал сайын айдоочуларды чогултуп, жол кыймылы, кардарга жасалган мамиле тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Ал эми текшерүү ЖКККБнын өзүндө болот. Азырынча бизге лицензиясы жокторду жумуштан четтеткилe деген сыяктуу талап болгон жок. Мамлекет тарабынан мыйзамдуу талаптар болсо, баш ийебиз”.
Кыргызстанда былтыр августтан тарта такси айдоочуларын лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштейт, анын акысы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1000 сом.
Лицензия үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, жыл сайын медициналык кароодон өткөн, машинесин жылына бир жолу техникалык кароодон өткөргөн, соттуулугу жок айдоочуларга берилет. Лицензиясы жок айдоочуларга Телеграм каналдар аркылуу кардар топтоого тыюу салынат. Тийиштүү уруксаты жок айдоочу ишкердик кылса 7,5 миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.
Кыргызстанда расмий эмес маалыматтарга караганда 60 миңден 100 миңге чейин киши таксиде иштейт.
Шерине