Америка Кошмо Штаттарынын Юстиция министрлиги жарыялаган «Эпштейн документтеринде» Кыргызстандын жараны Мария Дрокованын ысымы 1636 файлда кездешет. Документтерди Улуу Британиядагы Byline Times басылмасы иликтеп чыккан.
Жарыяланган документтерге ылайык, Мария Дрокова жашы жете элек кыздарды секс-кулчулукка иштетүүгө айыпталган америкалык финансист Жеффри Эпштейнге пиар кызматын көрсөтүп иштеген. 2016-2019-жылдары АКШда Эпштейн менен активдүү кызматташкан анын басылмалар жана илимпоздор менен кат жазышканы, аларда өзүн Эпштейндин пиар-агенти катары тааныштырганы белгиленген.
Ал макалалар үчүн “ыңгайлуу” авторлорду таап, Эпштейндин массалык маалымат каражаттары үчүн жоопторун уюштурган жана ага журналисттердин суроолорун жөнөтүп турган.
Byline Times басылмасынын маалыматына ылайык, Мария Дрокова 2016-жылы Эпштейндин жардамчысы Лана (Светлана) Пожидаева менен бирге WE Talks аттуу долбоорду түзгөн.
2018-жылы жазышкан каттарынын биринде Мария Дрокова адамдар менен мамиле кылууда аларды кантип ылгоо керектигин сураган.
“Жеффри, сен адамдардын чыныгы жүзүн кантип аныктайсың? Мурда мен адамдарга абдан ишенчүмүн, азыр болсо жүрөгүм жаралангандан кийин эч кимге ишенбей калдым. Мени сыртынан абдан жакшы жана акылдуу сыяктанган адамдар курчап алган. Бирок мен ар дайым шектенип жана башымда алардын жүрүм-туруму тууралуу түркүн сценарийлерди ойлой берем. Адамдарды канткенде туура тандаса болот?”, - деген Мария өз катында.
Ага Эпштейн: “Бул бизнес дүйнөсү. Алардын кызыкчылыктарын изилде. Алгоритми жок” – деп жооп жазган.
2019-жылдын июнь айында жазышкан катында Эпштейн Парижде түшкөн жылаңач сүрөтүн жөнөтүүсүн сураган жана Мария ага бир нече сүрөт жөнөткөн.
Мария Дрокова 2005-2011-жылдары Кремлдин көзөмөлүндөгү “Наши” деп аталган жаштар кыймылынын комиссары катары таанылган. Орусиядагы прогрессивдүү оппозициялык күчтөрдү ыдыраткан бурганактуу саясий ишмердигин жыйынтыктагандан кийин күтүүсүздөн АКШга ооп кеткен. Ал жакта кремлчил ысымдан арылуу үчүн күйөөсү Бухердин фамилиясына өткөн жана Day One Ventures аттуу фонд түзгөн.
Дрокова тууралуу “Путинди өбүү” аттуу даректүү тасма тартылган. 2022-жылы Кыргызстандын паспортун алган орус үлкөндөрүнүн тизмесинде кездешкен.
Анын Силикон өрөөнүндөгү ишмердиги жана орус олигархтары менен күмөндүү байланыштары тууралуу The Washington Post басылмасы кенен макала жазган.
АКШнын Юстиция министрлиги Жеффри Эпштейн тууралуу ачыктаган жүз миңдеген файлдар ал жөнүндө документтерди “калкка көрсөтсө болот” деген бир бөлүгү гана. Базада анын кат жазышуулары, скриншоттор, тергөөдөгү көрсөтмөлөр жана кызматтык материалдар бар.
Америкалык финансист жана миллионер Жеффри Эпштейн алгачкы жолу 2005-жылы жашы жете элек кыздарды секс-кулчулукка сатуу шеги менен тергөө органдарынын көңүлүн бурган. Анын торуна кабылган кыздын ата-энеси арыз жазып, 2008-жылы 13 айга абакка кесилген.
Miami Herald басылмасынын 2018-жылдагы иликтөөсүнөн кийин “Эпштейн иши” экинчи жолу козголуп, 2019-жылы июлда жашы жете электерди секс-соодага тартуу жана кылмышту коомчулукту уюштуруу айыбы тагылган. Бирок август айында Эпштейн абакта өз жанын кыйганы кабарланган.
“Эпштейн документтеринде” дүйнө жүзү боюнча 150дөн ашуун ири саясатчылардын, президенттердин, миллиардерлердин жана падышалык үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрүнүн ысымдары аталган. Учурда министрликтин сайтындагы ал документтерди ар түркүн адистер изилдеп, басылмалар маалыматтарды жарыялап жаткан кез.
“Эпштейн документтеринин” айынан АКШда, Улуу Британияда жана башка ири мамлекеттерди өлкө жетекчилери менен алардын үй-бүлөлөрүнө байланыштуу чуулгандуу иштер билинип калды.
Шерине