АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана атайын өкүлү Сержио Гор 30-январда Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов менен телефондон сүйлөшүү өткөрдү.
Бул тууралуу АКШнын Түркмөнстандагы элчилиги Instagram социалдык тармагындагы баракчасында Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлүнүн биринчи орун басары Томми Пигот тараткан маалыматка таянып билдирди.
Ага ылайык, сүйлөшүүдө Борбор Азиядагы аймактык коопсуздукту жана экономикалык өнүгүүнү чыңдоо маселелери талкууланган.
Ошондой эле Рубио Кошмо Штаттардын Түркмөнстан менен ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин дагы бир жолу ырастаган.
Ал эми Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен өткөн жуманын аягында болгон телефон сүйлөшүү тууралуу расмий маалымат тарата элек.
Эске салсак, Түркмөнстан Кыргызстан менен бирге Кошмо Штаттарга виза алуу үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине киргизилген.
Ошондой эле виза үчүн күрөө талапкылынган 38 өлкөнүн арасында Борбор Азиядан Тажикстан дагы бар.
Шерине