АКШ президенти Дональд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен сүйлөшкөнүн жана ал Орусиянын мунайын сатып алуудан баш тартканын Truth соцтармагына жазды. Орусия Украинага кол салгандан кийин Индия Батыш санкция киргизген орус газын жана мунайын ири көлөмдө төмөн баа менен сатып ала баштаган.
"Ал (Моди) орусиялык мунайды сатып алуудан баш тартууга жана АКШдан, балким, Венесуэладан көбүрөөк сатып алууга макул болду. Бул Украинадагы жума сайын миңдей киши өлүп, так ушул маалда жүрүп жаткан согушту токтотууга көмөктөшөт", - деп жазды Трамп.
Ал ошондой эле "Модиге достук жана сый-урмат менен, ошондой эле анын өтүнүчүнө жараша" АКШ Индия менен жаңы соода келишимин түзүүнү макулдашканын билдирди. Ага ылайык, индиялык товарлардын экспорттук тарифи 25 пайыздан 18 пайызга чейин төмөндөтүлөт. Трамптын сөзүнө караганда, ошол эле учурда Индия бул келишим алкагында АКШдан 500 млрд доллардан ашык акчага товар сатып алат.
Трамп Модини "менин эң жакын досторумдун бири жана өз өлкөсүнүн таасирдүү жана сыймыктуу лидери" деп атап, "биздин Индия менен алакабыз келечекте дагы бекем болот" деп билдирди.
2025-жылы августта АКШ Индиядан импорттолчу товарларга кошумча 25% тариф киргизген. Буга Индиянын Орусиядан түз жана кыйыр түрдө мунай сатып алып жатканы себеп экени айтылган. Мындан кийин тариф ставкасы 50% жогорулаган, анткени ага чейин эле АКШ менен Индиянын өз ара төлөмдөрү 25% болгон.
Былтыр октябрдын ортосунда Дональд Трамп Нарендра Моди орусиялык мунайдан баш тартууга убада бергенин айтып чыккан. Бирок Индиянын Тышкы иштер министрлиги Нью-Дели "энергетикалык туруксуз кырдаалдан улам" өзүнүн керектөөчүлөрүнүн кызыкчылыгын коргоону артыкчылык деп эсептерин билдирген.
Орус президенти Владимир Путин акыркы убактарда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен бир нече жолу жолугушуп, орусиялык мунайды сатуу жана анын акысын төлөө ыкмасын талкуулаган. Тараптар акыркы жолу былтыр декабрда жолугушкан.
Шерине