Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:16

Кыргызстанда жатак абактар жоюлат

№32 жатак абагы. Новопавловка, Чүй. (архив)
№32 жатак абагы. Новопавловка, Чүй. (архив)

Кыргызстанда жатак абактарды толук жоюу боюнча чечим кабыл алынганын Юстиция министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, жатак абактарын жабуу чечимдери этап-этабы менен кабыл алынган. 2025-жылы тиешелүү кодекстерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, андан кийин мындай колониялардын биринчи тобу жабылган.

28-январь күнү жатак абактардын экинчи тобун – № 26, 42, 43, 44, 45 жана 52-мекемелерди жоюу чечими кабыл алынды.

Маалыматта жатак абактардын жоюлушу мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу алкагында жүрүп жаткан реформанын бир бөлүгү экени, ал пробацияны кайталабай турганы белгиленген. Ошондой эле жоюлуп жаткан мекемелердин кызматкерлеринин укуктары толук сакталары айтылган.

2025-жылдын 31-июлунда кабыл алынган мыйзамга ылайык, жатак абактар Жаза аткаруу кодексинен да чыгарылган.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG