Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Москва менен Киев 314 согуш туткунун айырбаштоону макулдашты

Орусиядан айырбашталган украин аскерлери. 2025-жыл.
Орусиядан айырбашталган украин аскерлери. 2025-жыл.

АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Абу-Дабиде өткөн үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Украина жана Орусия 314 туткунду айырбаштоо тууралуу макулдашканын маалымдады.

"Бул акыркы беш айдагы биринчи мындай алмашуу", — деп жазды Уиткофф X социалдык тармагында. Ал согуш туткундарын алмашуу 154*154 формуласына ылайык жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Анын айтымында, жыйынтык "деталдуу жана жемиштүү тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө" жетишилген.

"Алдыда дагы көп иш бар, бирок мындай кадамдар туруктуу дипломатиялык байланыштар конкреттүү жыйынтык берип, Украинадагы согушту токтотуу аракеттерин алдыга жылдырып жатканын көрсөтөт", — деп баса белгиледи ал.

Трамптын өкүлү тараптар талкууларды улантарын жана жакынкы апталарда "мындан аркы прогресс күтүлүп жатканын" кошумчалады.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев жакын арада Москва менен кезектеги согуш туткундарын алмашууну күтүп жатканын билдирген. Ал бул тууралуу шаршемби күнү кечки кайрылуусунда Абу-Дабиде Украина, АКШ жана Орусия делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи күнүнүн жыйынтыгын комментарийлеп жатып айткан.

5-февралда Бириккен Араб Эмираттарында үч тараптуу жолугушуу уланды.

France-Presse агенттигинин маалыматына караганда, шаршемби күнү Киев сүйлөшүүлөрдү "мазмундуу жана жемиштүү" деп атаган, Кремль болсо сүйлөшүүлөрдүн биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча комментарий берген жок.

Шаршемби күнү France 2 телеканалына берген маегинде Зеленский аскердик аракеттерди токтотуу Украина үчүн башкы артыкчылык экенин айтып, активдүү дипломатиялык аракеттердин жана сүйлөшүүлөрдүн аркасында тынчтыкка бир жылдын ичинде жетүүгө үмүт артарын билдирген.

Ал дипломатиялык жол капитуляция же Орусиянын шарттарын кабыл алуу дегенди билдирбесин баса белгиледи. Ошол эле маекте Зеленский акыркы төрт жылдан бери уланып келе жаткан согушта майданда окко учкан украин аскерлеринин саны болжол менен 55 миң адам экенин айткан. Мындан тышкары, расмий түрдө дайынсыз жоголгон деп эсептелген "адамдардын саны да абдан көп" экенин кошумчалаган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 4-февралда Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө чечилбей турган маселелердин тизмеси кыйла кыскарганын билдирди.

"Куралдуу жаңжалды токтотуу маселесинде көп учурда баары таптакыр үмүтсүз көрүнөт, бирок күтүлбөгөн жерден бурулуш болуп кетет", — деди Рубио.

АКШнын ортомчулугу менен өтүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү негизги темалардын бири аймактык маселе бойдон калууда. Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин Донбасс Орусиянын «тарыхый аймагы» экенин айтып, аны аскердик же башка жолдор менен кайтарып ала турганын билдирген. Киев болсо украин аскерлеринин Донбасстан чыгып кетишин кабыл алынгыс деп эсептейт.

Украин бийлиги ошондой эле коопсуздук кепилдиктерин, анын ичинде союздаш өлкөлөрдүн аскерлерин Украинага жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн талап кылууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG