“75чилердин каты” боюнча иш сотто кайра жабык каралмай болду"
“75чилердин каты” боюнча иш эми сотто кайра жабык каралмай болду. Мындай өтүнүчтү бүгүнкү отурумда прокурорлор келтирди. Сунушту айыпталуучулар Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев жана Эмилбек Узакбаев колдоду. Соттун ачык өтүшүн колдогон айыпталуучулардын бири Курсан Асанов жабык сотко каршы экенин айтканда судья аны "сөздү укпай тартипти бузду" деген негизде сот залынан чыгарды.
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев 22-июнда “75чилердин иши” боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда күбө катары көрсөтмө берди.
Ал жабык соттон чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу “75чилердин катына” жакшы ниет менен кол койгонун айтты.
“Көпчүлүгү өлкөнүн туруктуулугу, бийлик башындагылардын чечимин колдоо иретинде кол койгон да. Көбү “мейли президентти колдоп коёлу, шайлоо быйыл деле өтүп кетсе кийинки жылы тынч болот” деген максатта кол койгон да. Бирок азыр абал тескерисинче болуп атпайбы. Эми ал кандай болгон соттун жыйынтыгы менен эле билинет”, - деди ал.
22-июнда “75чилердин иши” боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна күбө катары көрсөтмө берүү үчүн мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келди. Ал президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу “75чилердин катына” кол койгонун ырастап, бирок анын маани-мазмуну жана максаты эмне болгону боюнча суроого жооп берген жок.
22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурумда прокурорлор сотту кайрадан жабык өткөрүү өтүнүчүн келтирди.
Сунушту Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев жана Эмилбек Узакбаев колдоду. Дагы бир айыпталуучу Курсан Асанов каршы чыгып, жараянды ачык өткөрүүнү талап кылды. Ишти карап жаткан судья Азирет Медеров Курсан Асанов сөздү укпай тартипти бузду деген негизде аны сот залынан чыгарды.
Дагы башка айыпталуучулар Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев сотту ачык өткөрүүнү улантууну колдоду. Жыйынтыгында судья ишти жабык кароо чечимин кабыл алды.
Шерине