Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:49

Ысык-Көлдү сактоо үчүн дыйканчылыкта жалаң тамчылатып сугарууга өтүү пландалууда

Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусунда айыл чарба жерлерин жалаң тамчылатып сугаруу системасына өткөрүү зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу ал 11-февралда парламент жыйынында сүйлөп жатып суу сактагычтарды куруу Ысык-Көлдөгү суунун тартылышына алып келерин белгиледи.

“Биз Ысык-Көлдү да сакташыбыз керек. Биздин планыбыз боюнча Ысык-Көл облусу дыйканчылыкта толугу менен тамчылатып сугаруу системасына өтүшү керек. Ошондо көлгө суунун көлөмү көбүрөөк барат. Анткени биз суткалык жана мезгилдик жөнгө салуу бассейндерин сала берсек, агымды дыйканчылыкка бура берсек, көлгө суу барбай калат”, - деди Төрөбаев.

Бул демилгени суроо узаткан депутат Болот Сагынаев да кубаттап, Ысык-Көлдү сактоо боюнча жумуш тобун түзүүнү сунуштаганын айтты.

Соңку жылдары Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли түшүп баратканы айтылып келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров былтыр декабрда маселе көтөрүп, 1854-жылдан бери көлдүн деңгээли 14 метрге төмөндөп кеткенин айткан.

Ысык-Көлгө куйган дарыялардын саны үч эсе кыскарган. 1960-жылдары көлгө 100-110 дарыя куйса, учурда 30дун тегерегиндеги гана суу кошулууда. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн келечеги үчүн өкмөт бардык аракеттерди көрөрүн убада кылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG