Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Адилет Орозбеков Коопсуздук кеңешине катчы болуп дайындалды

Адилет Орозбеков.
Адилет Орозбеков.

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешине катчы кылып Адилет Орозбековду дайындады. Бул тууралуу жарлыкка кол коюлганы 12-февралда жарыяланды.

48 жаштагы Орозбеков эмгек жолун 2001-жылы улуттук коопсуздук органдарында ыкчам кызматкер болуп баштаган. Кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ар кыл тармагында эмгектенген.

2017-2019-жылдары Бээжинде Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын референти болуп иштеген.

2023-2024-жылдары президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун эксперти болгон.

2025-жылдан бери президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын коргоо, укук тартиби жана коопсуздук бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болгон.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Рустам Мамасадыковду президент Садыр Жапаров 10-февралда кызматтан бошотуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары кылып дайындаган.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы кызматынан бошоткондон кийин бир катар кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.

Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны иштен алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG