Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

Владимир Зеленский Александр Лукашенкого санкция салды

Александр Лукашенко (ортодо). Беларус, 13-февраль 2026-жыл
Александр Лукашенко (ортодо). Беларус, 13-февраль 2026-жыл

Украин президенти Владимир Зеленский Беларустун лидери Александр Лукашенкого санкция салынганын жарыялады.

Маалыматка караганда, мындай сунушту Рустем Умеров жетектеген Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши киргизген.

Зеленский Лукашенкого каршы санкцияларды анын "украиндерди өлтүрүүгө көмөктөшүп жатканы" менен түшүндүрдү.

Президенттин Телеграм-каналына жазганы боюнча, былтыркы жылдын экинчи жарымында Орусия Беларустун аймагында чабуул коюучу дрондорду башкарган системаларды орноткон. Муну менен орус армиясы Украинанын түндүк тарабындагы облустарга сокку урууга көбүрөк мүмкүнчүлүк алды.

«Беларстун жардамы болбосо, орусиялыктар асыресе энергетикалык жайлар менен темир жолдорду мынчалык аткылабайт болчу. Беларустун 3 миңден көп ишканасы Орусиянын согушун тейлейт жана өтө маанилүү болуп эсептелген техника, жабдуулар жана тетиктер менен камсыздайт. Атап айтканда, ракеталарды чыгаруу үчүн тетиктерди беришет», - деп жазды Зеленский.

Ал Орусия баллистикалык «Оршеник» ракетасын Беларуска жайгаштырганын да эске салды.

Бардыгы болуп Лукашенкого 17 чектөө киргизилди. Анын ичинде активдерин бөгөттөө, өлкөгө кирүүгө, каржы операцияларды жүргүзүүгө тыюу салуу каралган. Айрым чаралар мөөнөтсүз, кээ бирлери 10 жыл иштейт.


Шерине

XS
SM
MD
LG