Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуштар бузулуп, мурдагы оргума калыбына келтирилет.
Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 19-февралда аталган соода борборунун жанындагы курулуш иштерин текшерип жүргөн кезде билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы "Айчүрөк" соода борборунун жетекчилигине кайрылып, алар куруп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгиледи.
"Шаар куруу нормалары жана Шаар куруу кеңешинде белгиленген тартипте каралып, бекитилген эскиздик чечимдер сакталган жок. Ошондуктан, биз курулган конструкцияларды бузууну жана жашыл аймак менен фонтан зонасын баштапкы абалына келтирүүнү талап кылабыз", - деди мэр.
Калаа башчысы мындан тышкары үч күн ичинде демонтаж иштерин баштабаса, курулушту мэриянын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы бузарын, алардын чыгымдарын толугу менен компания төлөрүн эскертти.
Айбек Жунушалиев ал жердеги Old Bishkek долбоорунун курулушу боюнча буга чейин мэрия Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине кайрылганын, долбоор мурда коюлган талаптарга шайкеш келерин текшерип, көзөмөл жүргүзүү өтүнүчү менен кат жөнөткөнүн кошумчалады:
"Биз объектке бир нече жолу келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, долбоорлорду бекитилген документтерге жана шаар куруу нормаларына ылайык келтирүүгө чакырганбыз. Буга карабастан, курулуш иштери улантылган".
Мэр компания өкүлдөрүнө экинчи кабаттын үстүнө чатыр жабуу иштерин убактылуу токтотууну, ал эми Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчисине долбоорду шаар куруу талаптарына ылайык ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.
"Айчүрөк" соода борборунун жанына, Чүй проспектин бойлоп, мурдагы мэр Нариман Түлеев курган үч кабаттуу имаратка да коомчулуктун нааразылыгы айтылган. Ушундан улам Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев аталган курулушту текшерип, жолго чыгып кеткен курулмаларды тезинен бузуп, шаардагы транспорттук кыймылга маанилүү жол тилкесин тез арада ачып, элге ыңгайлуу шарт түзүп берүүнү талап кылган.
Бишкек мэриясы былтыр март айында 31-марттан тарта Чүй проспектисинин Султан Ибраимов көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү эки жылга жабыларын билдирген. Анда Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталганын маалымдаган. Долбоорго "Ташболот Холдинг" жана "Олд Бишкек" компаниялары акча саларын, курулуш эки жылга созулуп, жалпы бюджети 2 млрд сомду түзөрүн билдирген.
“Ташболот Холдинг” ишканасы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына тиешелүү. Мэрия жерди бул компанияга 49 жылга ижарага бергени белгилүү болгон.
Түлеев Ташиев келип кеткенден кийин курулушту планга ылайык жүргүзөрүн билдирген.(ZKo)
Шерине