Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Бишкекте мектеп окуучуларынын калайман мушташынан бир нече бала ооруканага жеткирилди

Бишкектеги мектептердин бири. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Бишкектеги мектептердин бири. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

19-февралда Бишкектеги мектептердин биринде жогорку класстын окуучуларынын калайман мушташынан бир нече бала жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул факт боюнча Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Ээнбаштык") менен кылмыш ишин козгоду.

Аталган РИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, окуучулардын калайман мушташы тууралуу маалымат түшөрү менен окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, жаңжалды токтотушкан. "Тез жардам" чакырылып, бир нече өспүрүм жаракат алгандыктан ооруканага жеткирилген.

Мушташтын катышуучулары ата-энелери менен чогуу окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн райондук милицияга жеткирилген. Айрым ата-энелер милицияга арыз жазышкан.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Бишкек шаардык билим берүү департаменти бул окуя боюнча маалымат бере элек.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG