Депутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Парламенттин 19-февралдагы отурумунда анын талапкерлигине жашыруун добуш берүүдө 53 депутат “макул” жана 16 депутат “каршы” добуш берди.
Мунун алдында Карим Ханжеза жеке жагдайларына байланыштуу өз каалоосу менен вице-спикерлик кызматтан кеткен.
36 жаштагы Болот Ибрагимов Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Коомчулукка жол эрежесин бузгандардын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген блогер катары таанылган. 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун коомдук кеңешчиси болгон. 2024-жылы “Эл үмүтү” партиясынын тизмеси менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2025-жылы ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо №22 округдан шайланып келген.
Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу парламент төрагасы кызматын тапшырып, анын ордуна Марлен Маматалиев шайланган. Тургунбек уулу 19-февралда депутаттык мандатынан да ажыратылды.
Спикердин үч орун басары бар. Алар: Чыңгыз Ажибаев, Жылдыз Таалайбек кызы жана Болот Ибрагимов. (BTo)
Шерине