Бүгүн, 19-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда эне жана бала Улуттук борборунун нефрологу, 18-февралда кармалган дарыгер Назира Бейшебаванын бөгөт чарасы каралып, сот аны үй камагына чыгарды.
Бишкек шаардык милициясы дарыгерди 18-февралда кармап, ага каршы Кылмыш-Жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кылмыш ишин козгогон.
Буга Бишкектин тургуну Зульфия Стамкулованын жазган арызы негиз болгон. Анда Стамкулова 2024-жылы дарыгер Бейшебаева кызын туура эмес дарылагандыктан, өспүрүм бир бутунан тизесине чейин ажыраганын белгилеген.
Жыйынтыгында, Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы тергөө аяктаганга чейин Бейшебаеваны үй камагына чыгарды.
Дарыгердин адвокаты Евгения Крапивина дарыгердин бул окуяда күнөөсү жоктугун, анын бардык аракеттери дарылоо протоколуна ылайык жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
Сот отурумунун алдында Улуттук эне жана баланы коргоо борбордук кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылып, ишти ар тараптуу жана адилет кароону өтүнгөн кайрылуу жасаган. Алар дарыгерлерге басым-кысымды токтотууну белгилеген.
Назира Бейшебаева Кыргызстандагы беш нефролог дарыгердин бири. Өлкө боюнча жашы жете элек балдардын бөйрөгүн алмаштыруу боюнча жалгыз дарыгер-трансплантолог.
Азыркы күнгө карата, расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 6,5 миң дарыгер, 8,5 миң медайым, 3,5 миң санитардык кызматкер жана 2 миң техникалык тейлөөчү адис жетишпейт. (KS)
Шерине