21-февралга караган түнү Орусиянын күчтөрү Украинанын аймагына “Искандер-М” баллистикалык ракетасы жана 120 дрон менен сокку урганын Киевдин Аба күчтөрү билдирди. Ракета жана 13 учкучсуз учак 11 аймакта бутага тийген.
Дрон чабуулунун кесепетинен Одессанын эки районунда кыйроолор бар. Хажибей районунда эки турак үй, Приморскиде бир катар көп кабаттуу үйлөр, анын ичинде 115 батир зыян тартканын шаардык аскердик администрациянын башчысы Сергей Лысак билдирди.
Ошондой эле шаардагы энергетикалык компаниялардын кампалары зыян тартты. Эки киши жараат алды. Мындан тышкары 200 бала билим алган лицейдин айрым жерлери жабыркады.
Сумыда калк жашаган аймакка таңкы саат төрт чамасында абадан сокку урулганын Украинанын Улуттук полициясы Telegram баракчасына жазды. Он чакты киши жараат алганы маалымдалды.
Херсондо ишембиде орусиялык дрон жүргүнчүлөрү менен бараткан таксиге жардыргыч ыргытканын жергиликтүү бийлик кабарлады. Херсон облустук аскердик администрациясы Telegram каналына жазгандай, 71 жаштагы айдоочу жараат алды. Кийин дагы эки жүргүнчү аял жабыркаганы такталды.
Шерине