Кыргызстанда 2025-жылы алиментке байланыштуу 60 миң аткаруу барагы түшкөн. Төлөбөй жүргөн 1 миң 200 киши бар.
2025-жылы 1 миң 200 киши алимент төлөгөн эмес. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, былтыр алимент өндүрүү боюнча жалпы 60 миң аткаруу барагы түшкөн.
“Берген алиментинин суммасын көрсөңүздөр, абдан төмөн. Алар эч жерде иштебейбиз деп, жашоо минимумга жараша эле 8600 сом беришет. Ал акча менен баланы багыш энелер үчүн абдан оор. Ага карабастан ушундай тоскоолдуктар жаралып жатат”, - деди Коңкубаева.
Депутат Ырысбек Атажанов алимент төлөөдөн баш тарткан аталарга катаал чараларды колдонууну сунуштады.
Быйыл февралда Баткенде 2017-жылдан бери баласына алимент төлөөдөн качып жүргөн жаран эки жылга эркиндигинен ажыратылган. Анын алимент боюнча карызы 500 миң сомдон ашып кеткен.
Сот департаментинин маалыматына ылайык, 59 миңден ашык иш ачык турат. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт.
Шерине