Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Британияда Ирандын пайдасына тыңчылыкка шектелген төрт адам кармалды

Лондон полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Лондон полициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Британиянын полициясы Ирандын пайдасына тыңчылык кылган жана Лондондогу жөөт коомчулугуна байланышкан жайларды жана адамдардын артынан аңдыган деген шек менен төрт адам кармалганын билдирди.

Лондондун Метрополитен полициясы 6-мартта маалымдагандай, кармалгандардын бири Иран жараны, ал эми калган үчөө Британия менен Ирандын кош жарандыгына ээ. Шектүүлөр Лондондун түндүгүндөгү Барнет районунда жана борбордон түндүктө жайгашкан Уотфорд шаарында өткөрүлгөн операциялар учурунда кармалган.

Полиция алардын жашы 22ден 55 жашка чейин экенин билдирди.

Лондондогу террорчулукка каршы полициянын башчысы Хелен Флэнаган бул кармоолор узак убакыттан бери жүргүзүлүп жаткан иликтөөнүн бир бөлүгү экенин айтты.

Мындан тышкары, операция учурунда дагы алты адам кылмышкерге жардам берүүгө шектелип кармалганы кабарланды.

Акыркы жылдары Британиянын мыйзам чыгаруучулары жана чалгын кызматтары Ирандан Британияга карата коркунуч бар экенин эскертип келишет.

Шерине

XS
SM
MD
LG