Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:53

Талантбек Иманов Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды

 Талантбек Иманов
Талантбек Иманов

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону 9-мартта белгилүү болду.

40 жаштагы Иманов буга чейин президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп иштеп келген.

Ал соңку жылдары санариптик өнүктүрүү министри, Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси болгон.
“Дастан” заводунда, "Газпром Нефть Азия" ишканасында эмгектенген.

Анын Кыргызстандын энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталган Алексей Ширшов менен жакындыгы болгонун журналисттер иликтеп чыгышкан. Иманов өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG