15-мартка караган түнү Украинанын армиясы Орусиянын Белгород облусуна ракета менен сокку урганын аймактын губернатору Вячеслав Гладков билдирди. Анын айтымында, соккудан улам энергетикалык инфраструктурага зыян келтирилди, Белгород шаары менен Белгород районунда жарык, суу, жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады, объектилердин биринде өрт чыкты, жабыркагандар жок.
Волгоградда украиналык дрондордун чабуулунан көп кабаттуу үйдүн терезелери күбүлүп калганын, жабыркагандар жок экенин губернатор Андрей Бочаров жазды.
SHOT Телеграм каналы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен Волгоград облусу таңкы саат 3төн бери дрондордун жапырт чабуулуна кабылганын, 20дан ашуун аппарат жок кылганын жазды.
Украин дрондорунун чабуулуна Мордовиянын башкалаасы Саранск да кабылганын жергиликтүү бийлик билдирип, жараат алгандар жок экенин кабарлады.
Краснодар крайынын ыкчам штабы украиналык дрондордун чабуулунан Тихорецкинин четиндеги мунай базасында өрт чыкканын кабарлады. Тихорецк районунда учкучсуз учактар жогорку вольттуу чубалгыларга зыян келтиргени маалымдалды.
Акыркы жолу бул мунай базасы 12-мартта аткыланып, бул үчүн жоопкерчиликти Украинанын Коопсуздук кызматы алган.
Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болот. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.
Орус армиясы Украинага күн сайын сокку уруп жататю Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясын каржылоо булагы деп эсептелген мунай заводдорун маал-маалы менен бутага алып келет.
Шерине