Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:42

Министрлик Москвадагы институттун Караколдогу филиалын сотко берди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сагынаев Каракол шаарындагы окуу жайлардын бири жабылып, студенттери ара жолдо калганын 16-мартта парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында билдирди. Эл өкүлү окуу жай лицензиялык талаптарды аткарбай койгонуна студенттердин күнөөсү жок экенин белгилеп, аларды башка университеттерге которуу мүмкүнчүлүгү туурасында маселени көтөрдү.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Дурус Козуев бул маселе 2025-жылы эле атайын комиссия түзүлүп, лицензиялык талаптарды аткарбаганы үчүн эскертүү берилгенин билдирди. Бул иш учурда Каракол шаардык сотунда каралууда.

"Министрлик бир канча жолу каттарды жөнөткөн. Биздин талаптар аткарылбай келет, ошондуктан сотко кайрылганбыз расмий түрдө. Ал эми бизде жогорку окуу жайга ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алынат, бул жерде 513 студенттин негизги бөлүгү орусиялык окуу жайдын филиалы катары түз ошол жакка кабыл алынган. Биздин мыйзам боюнча ЖРТнын жыйынтыгы жок болсо, башка окуу жайлар аларды кабыл албайт", - деди министрдин орун басары.

Москвадагы ишкердик жана укук боюнча институтунун Караколдогу филиалы деп ачылган окуу жайдын расмий сайтындагы маалыматка караганда, мекеме 2018-жылы лицензия алган. Окуу жай юриспруденция, экономика, менежмент жана филология багытында билим берет.

Аталган окуу жай азырынча комментарий бере элек. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG