Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

АКШнын Багдаддагы элчилигине абадан чабуул коюлду

Американын Багдаддагы элчилигине сокку урулуп жаткан учур. Видеодон алынган кадрлар.
Американын Багдаддагы элчилигине сокку урулуп жаткан учур. Видеодон алынган кадрлар.

Кошмо Штаттардын Багдаддагы элчилигине ракета жана дрондор менен чабуул коюлду. Бул АКШ менен Израил Иранга абадан сокку ура баштаган күндөн берки эң ири чабуул болду. Reuters агенттиги бул тууралуу Ирактын коопсуздук түзүмдөрүндөгү булактарга таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, дипломатиялык миссиянын аймагына ракеталар жана кеминде беш дрон учурулган. Аба чабуулдарынан коргонуу системасы алардын айрымдарын атып түшүргөн. Дрондордун бири элчиликтин аймагына кулап, өрт чыккан.

Ирактын коопсуздук кызматтарындагы булактар муну «чабуулдар башталгандан берки эң күчтүү сокку» деп мүнөздөштү.

Ошол эле учурда Израил армиясы Ирандын инфраструктурасына каршы кезектеги кеңири аба соккуларын урду. Чабуулдар өлкөнүн үч бөлүгүнө, Тегеран, Шираз жана Тебриз шаарларына бир убакта коюлду.

Ирандын борбору Тегеранда коопсуздук күчтөрүнүн штабдарына, анын ичинде Чалгын министрлигине жана «Басиж» (Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна байланышкан аскердик түзүм) объектилерине ондогон сокку урулду. Ошондой эле дрондорду, баллистикалык ракеталарды жана абадан коргонуу системаларын сактоо жана учуруу үчүн колдонулган жайлар бутага алынды.

Өлкөнүн түштүк-батышындагы Шираз шаарында ички коопсуздук күчтөрүнүн командалык штабы жана баллистикалык ракеталарды сактоочу объект чабуулга кабылды.

Ал эми Ирандын түндүк-батышындагы Тебриз шаарында Израил күчтөрү абадан коргонуунун кошумча системаларын жок кылды.


Шерине

XS
SM
MD
LG