АКШнын Каржы министри Скотт Бессент Вашингтон жакын арада танкерлерде топтолуп турган болжол менен 140 миллион баррел иран мунайына коюлган санкцияларды жеңилдетиши мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, бул кадам Иран Ормуз кысыгын жапкандан улам көтөрүлгөн баанын өсүшүн басаңдатууга багытталган.
Бессент 19-мартта Fox Business телеканалына берген маегинде бул топтолгон кошумча мунай «10 күндөн эки жумага чейинки керектөөнү жаба аларын» жана рынокту турукташтырууга жардам берерин айтты.
Ал ошондой эле АКШ өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар үчүн сакталган мунай корунан, тактап айтканда Стратегиялык мунай резервинен кошумча мунай чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди.
Мындан тышкары, АКШ Жапония менен Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз өтүүнү камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Токио да өзүнүн резервдеринен мунай чыгарууну көбөйтүшү мүмкүн.
Бессент белгилегендей, Вашингтон каржы рынокторуна түз кийлигишпейт, тескерисинче жетишпестикти жоюу үчүн мунай сунушун көбөйтүүгө көңүл бурат.
Ошондой эле ал Кытайды кайра иштетилген күйүүчү майлар боюнча «ишенимсиз жеткирүүчү» деп атап, реактивдик күйүүчү май сыяктуу продукциялардын экспорту азайганын белгиледи. Анын айтымында, бул Азиядагы жеткирүүлөргө кошумча басым жаратууда.
Шерине